Макал лакаптар уй було

Dating > Макал лакаптар уй було

Download links:Макал лакаптар уй булоМакал лакаптар уй було

Баш - акыл үчүн, акылман - эл үчүн. Амалкөйдү ашынам дебе, ач көз байды кошунам дебе.

Билим алуу - ийне менен кудук казгандай. Бирок, караңгыда - жарыкты, кайгыда - кубанычты, жокчулукта - токчулукту дайыма ойлойт. Буудайдын барар жери - тегирмен, кыздын барар жери - күйөө. Жигит өлөр жерине күлүп барат. Колуңдан келбес жумушту, оюң менен бүтүрбө. Эт жебесем таш жейин, этегиң жапчы кудагый. Жолоочу болсо атын ал, тоноочу болсо башын ал. Бала жетиге чыкканча, жерден таяк жейт. Жорго минген жолдошунан айрылат, көп жашаган курдашы нан айрылат. Мөмөлөрдү койнуна солоп жатканда, үй ээси көрүп калып, кубалайт. Эсеп билбес - чот билбес, жыйганынан айрылат. Жакшыны - сөз өлтүрөт, Жаманды - таяк өлтүрөт.

Эшикке чыксам эчки каапыр тебелейт, үйгө кирсем кайын энем каапыр жемелейт. Ачка киши - урушчаак, арык киши - тырышчаак.

Кыргыз эл макал-лакаптары - Жалгыз дарак токой болбойт. Ат оонаган жерде - түк калат.

Даанышман ойлор: афоризмдер, макал-лакаптар. ISBN 9667-20-277-20-277-2 Коом турмушунадагы кескин өзгөрүүлөр жан дүйнөбүздү сандаган суроолорго кабылтып турган азыркы чакта кылымдардын кыйырын баскан акылман кептерден жооп издөөгө ар кимибиз аргасызбыз. Жыйнактагы афоризмдер, макал-лакаптар окурманга оңтойлуу болуш үчүн тематикалык бөлүмдөргө бөлүштүрүлдү жана алфавиттик тартипте жайгаштырылды. Авторлор тууралуу да так маалыматтар берилди. Китеп мектеп окуучуларына, студенттерге жана педагогдорго дайыма керектүү колдоно катары кызмат кыла алат деп ишенүүгө болот. Эгерде биз көрдүк десек алысты, ага себеп - гиганттардын ийини. Исаак Ньютон Жаш окурманга Бул китептин жаралышына улуу Лев Толстойдун төмөндөгү бир сөзү мага көбүрөөк түрткү берди дегим келет. Мен аларга айтаар элем: даяр акыл турса, аны ойлоп табам деп азап тартуунун кажети канча? Даяр нерсени ал да, сапарыңды ула. Кыска, так жана айкын формаларга чөгөрүлгөн афоризмдерде адамзаттын не деген руханий тажрыйбасы, не деген этикалык, эстетикалык түшүнүк-корутундулары чагылдырылбаган. Мындай ыйык касиет элибиздин кун жетпес кенчи - макал лакаптарында да эң сонун сакталган. Демек, Батыш менен Чыгыштын даанышман сөздөрүнүн колуңардагы жыйнакта да бири-бирине үндөш келип, эриш-аркак жайгашышы - закон ченемдүү көрүнүш. ЖОЛБОРС Пайзилдаев Адамдын улуулугун бою аныктабагандай эле, элдин улуулугун саны аныктабайт. Адамзат эңкейишке аккан дарыя, аны артка агыза албайсың. Адилет соттун кылычында кын жок. Акча - согуштун кыймылдаткыч күчү. Акыйкатсыздык өкүм сүргөн жерде - эркиндик жок, эркиндик жок жерде - акыйкатсыздык өкүм сүрөт. Акыйкатчыл адам - бактылуу адам. Акылдуу жана туура саясат жүргүзүш үчүн эл тааныган аздык кылат, элди сүйө билиш керек. Алы жок акыйкат - бечара, акыйкатсыз кара күч - зулумдук. Ар качан өз парз милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет. Ашынган индивидуализм коомго коркунуч туудурат. Банкир - бул сага күн тийип турганда кол чатыр берип, күн жаап келгенде кайра алып койгон адам. Бүгүнкү бир саатың эртеңки эки саатка тете. Дин жарык чыгарчу коңуздарга окшош: жарык чыгарыш үчүн аларга караңгылык керек. Жеке кызыкчылык коомдун кызыкчылыгынан кийин туруш керек. Идеалы жок эркиндиктин зыяны көп. Капастагы канаттуу - канатынан ажыраган жандык. Кедейди кемсинткенден артык айбанчылык жок. Кедейлер акыйкатты издеп жүрүшсө, байлар акыйкаттан качып жүрүшөт. Көзү ачыктар эмнени айтышпасын, баары бир декабрь менен жыл бүтөт. Куугунтук жеп, ыдык көргөн чындыкты дайыма коргош керек. Күн ак сарайга да, кепеге да текши тийет. Мамлекеттик ишмердин жүрөгү башында болушу керек. Мамлекеттик ишмер чындыкты айтышы керек. Мансап сүйгөн адамдан акыйкатты күтпө. Мезгил өзгөрүлөт, биз да өзгөрүлөбүз. Мезгил өтпөйт, биз өтөбүз. Менин кул да, кожоюн да болгум келбейт. Демократияны мен ушундайча түшүнөм. Министрлерди тез-тез которгон жаман, бирок, жаман министрлер ордунда калышса - андан бетер жаман. Пеле де ла ЛОЗЕР. Өзүңө эркиндик каалагың келсе, аны бирөөгө ыраа көр. Президенттин далдаасында дайыма бирөөлөр жүрөт, алардын кимдер экенин билиш үчүн көрүнөөгө чыгарыш керек. Саясат - бул билим эмес, искусство. Түбөлүктүү дос да жок, түбөлүктүү кас да жок, кызыкчылыктар гана бар. Тынчтыкты кааласаң - ага кара жаныңды карч уруп, өмүрүңдүн ар бир күнүн арна, ар бир күнүңдүн ар бир саатын арна. Убакыт - улуу мугалим. Чынчылдык - чыныгы күч, аны митаамдар гана түшүнүшпөйт. Шайы ооздук - бары бир ооздук. Эгерде Кудай теңчиликти сүйсө, жакшы адамдарга жакшылыкты, жаман адамдарга - жаманчылыкты ыйгарбайбы. Бирок таптакыр андай эмес. Эки гана нерсе адамга Кудай тариздүү касиет берет: коомдун жыргалчылыгы үчүн жашоо жана чынчылдык. Элге цивилизациядан акыйкат артык. Элди кээде алдаса болот, бирок сатып алуу мүмкүн эмес. Эркиндиктин дарагы кез-кез патриоттор менен тирандардын канына сугарылып турушу керек. Бул - ал үчүн табигый азык зат. Адабият - бул күнкор эмес, эркин өнөр, эгер ал сатылгыч болсо - баасы сокур тыйын. Адабият - коомдук кубулуш. Адамдын акылдуулугу берген жообунан эмес, берген суроосунан билинет. Акын менен сүрөткердин мейкини чексиз. Акындар таманын соргон аюуга окшош. Акынды түшүнөм деген анын туулган жерине барсын. Аккуунун көркү - сууда. Суусуз жерде - казга тең. Акылдуу ойлор унутулат, бирок өлбөйт. Америкада президент төрт жыл бийлик кылат, а журнализм - түбөлүк. Ар бир өрттөлгөн китеп дүйнөнү жарык кылат. Архитектура - сенип калган музыка. Асыл ташка кир жукпайт. Атак-даңк - мыскалдап ичкен уу. Бар мүмкүнчүлүгүн жумшап, бирок жеңишке жетпегенди айыпташ - бекер. Бирдеме айтам деген эмес, айтар сөзү бар адам жазуучу болот. Жазуучу не бир шумдук кереметтерди жаратып салып, бирок, көрүнбөй жүргөн Кудай сыңары жупуну болуш керек. Живопись - бул көз менен көрчү поэзия, а поэзия - бул кулак менен укчу живопись. Издегенге - адашуу парз. Келесоолор жазганды келесоолор окуйт. Келесоолор - өз жаңылыштыгынан, акылдуулар - өңгөлөрдүн жаңылыштыгынан таалим алат. Кол чабуулар - акылдууларга камчы, кем акылдарга - сөөлөт. Композитор - бул да акын. Көп учурда кооз уйкаштар чолок ойлорго балдак катары кызмат кылышат. Кээде көрүүчүнү ыйлаткан драматургду макташат, андай талант пиязда да бар. Мактанчаак суроолор болбойт, мактанчаак жооптор болот. Менин китептерим - суу, генийлердики - шарап. Сууну болсо - ар бир адам ичет. Мыкты сынчы - мыкты жазуучу. Падышалардын кулаганы - тыйынчалык, мен үчүн накты алаамат - дыйкандын өрткө кеткен үй-жайы. Сөз түгөнгөн жерде - музыка башталат. Тоо үстүндө кумурскага да канат бүтөт. Туруктуу болгондун кажети аз, чынчыл болуш керек. Уксун десең - кыйкырып айт, тыңшасын десең - шыбырап айт. Ушакка унчукпасаң - өзү эле жаагы жап болот. Фашизм - бандиттер ойлоп тапкан алдамчылык, ага жан тарткан жазуучу кысыр калган дарактай. Чоң акындар чыгыш үчүн чоң аудитория керек. Чындык асыл таш сыңары, аны кооздоп, нурдантып сонундоонун эч кажети жок. Чындык - ашыкпайт, анткени, анын басар жолу алыс. Чындык - дайыма энеден туума жылаңач болот. Чындыктан коркпогон адам - калптан да коркпойт. Чыныгы акындар - пайгамбарлар. Ыр - гүлдөн жасалган терезе. Эгер сен бактысыз болсоң - аныңды окурманыңа айтпа. Эгерде китепте жазылгандардын сексен гана проценти чындык болсо, ал китеп жүз процент жалганчы. Экинчи ирет окулбай турган китеп бир жолу окулгандан айлансын. Эң коркунучтуу калп - бурмалап айтылган чындык. Адамды жалаң гана аткарган ишинен эмес, умтулуусунан да баалаш керек. Адамды өлтүрүүгө болот, бирок, жеңүүгө болбойт. Азезилди алдаган - күнөө эмес. Айкөл жүрөк мухит сыңары. Ал эч качан тоңбойт. Акылдуу адам - кечиримдүү. Акын менен аргымакка семирген жарашпайт. Карл IX Ар адамдын жүрөгүндө өз элинин кичинекей сүрөтү жүрөт. Ата болуш - оңой. Атанын милдетин аткарыш кыйын. Байлыгың - досуң эмес, досуң - байлыгың. Балдарыңдан күткөн мамилени ата-энеңе өзүң жаса. Бийликке жеткен досуңдан ажырадым дей бер. Билимдүүлүк - көп билгенде эмес, колдоно билгенде. Бирөөнүн сырын айтыш - чыккынчылык, өз сырыңды айтыш - макоолук. Гений - бир процент шык жана токсон тогуз процент аракет. Дипломат - аял кишинин туулган күнүн унутпай, бирок, жашын билбеген адам. Душмандан арылыш үчүн - аларды дос кылып тын. ГЕНРИХ IV Жакшы нерсе - дайыма сейрек. Жакшы хирургдун көзү - бүркүттүкүндөй, жүрөгү - арстандыкындай, колу аялдыкындай болуш керек. Жалган докторуңдан өзүң сактан, душмандарыңды мага кой. Поляк королу Ян Собескийдин кылычындагы жазуу. Жаман дос - душмандын мыктысы. Жек көрүүнү жашырса болот, сүйүүнү жашырса болот, асты көңүл коштукту жашырыш кыйын. Жүз мугалимден жалгыз ата артык. Жүздүн кызарганы - адам баласындагы касиеттердин эң мыктысы. Жыргап уктайм десең - төшөккө таза абийириң менен жат. Ит менен мышык достошсо - ашпозду Кудай сактай гөр! Ичи жарык адамдын - жүзү да жарык. Калптын канчалык пайдалуу экенин аялдар менен врачтар гана билет. Кармашка башты байладык, калганын көрө жатарбыз. Карт дарак жакшы күйөт, картаң аттын жүрүшү тынч, эски китепти окуган кызык, эски шарапты ичсең - жагымдуу, эски досторуң - ишенимдүү. Качкан душманга алтын көпүрө сал. Ким аз ойлонсо - көп жаңылат. Ким убада берсе - ал карыздар. Көп адамга бакыт тартуулаган адам - бактылуу. Курман болгондорго эңкейген адам - бардыгынан бийик. Адамдагы бардык касиет мага жат эмес. Нан, тузсуз жашоо жок, Ата журтсуз жашоо жок. Начар досуң болгуча, начар душманың болсун. Өз абийириңдин алдында таза бол, эл эмне десе ошо десин. Өзгөнүкүнө көз арткан - өзүнүкүнөн ажырайт. Өз ишенимин коргой алган - мыкты жоокер. Өзүн сүйгөн - өңгөлөрдү жек көрөт. Өзүңдү өтө сүйсөң - өзүңө өзүң душмансың. Өңгөлөр сени сүйбөсө да, кадырлоого тийиш. Өңгөнү басынтсаң, мени да басынтканың. Сандырак ойлор ар адамдын башына келет, бирок, акылдуу адам гана аны тишинен чыгарбайт. Сени аяган - дос эмес, сага жардам берген - дос. Соргоктун өзүн тойгузсаң да, көзүн тойгуза албайсың. Толтура аякты аяр көрөт. Топугу жок бай - кедейдин кедейи. Улуу адамдар эч бир ишти чалагайым жасашпайт. Улуулардын өмүрү өлөр замат башталат. Улуу нерсе менен күлкү болчу нерсенин ортосу - бир атам. Үн-сөзү жок эң мыкты үгүтчү - кумурска. Үч адам билген нерсени - жүз адам билет. Чоң жакшылык үчүн кичинекей да жамандык жасаба. Чындыкты укаанды жакшы көрсөң, чындыкты сүйлөй бил. Экинчиси билбеген сырды экөөлөп жашырса болот. Эне тилиң менен Ата журтуңдун кадырын чет жерден билесиң. Азга ыраазы болбогон - көптөн ажырайт. Айтар эчтемеси жоктордун сөздөрү - маанисиз. Акмактарды бактылуу кылган - Кудайлардын чыккынчылыгы. Акчадан башка эч нерсеси жок адам - бечара. Акылдуу ой жүгүртүп, акылсыз иш жасагандар аз эмес. Аялды сүйлөткөнгө миң амал бар, бирок, оозун тыйганга бир да амал жок. Баарын мактаган адам - бир адамдын да кадырына жете албайт. Баарын мактаган адамга - ишенбе. Байлык деген - деңиз суусундай, ичкен сайын суусунуң канбайт. Билген жасайт, жасай албаган - үйрөтөт. Бирөөгө сылык ийилип жатып, бирөөгө аркабызды салабыз. Душмандан да өрнөк ал. Жалган тарыхчыларды жалган акча жасагычтарча өлүм жазасына тартыш керек. Жалганчынын чын сөзү да сая кетет. Жалкоого жиниң келбесе - сен да анын түгөйүсүң. Жамандарды колдогондук - жакшыларды кордогондук. Жамандыкты көргөн адам - унутат, жамандыкты жасаган адам - унутпайт. Жер үстүндө алдамчыларга караганда аңкоолор көп, андай болбосо, алдамчылар кантип күн көрөт? Жоокерлер кармашта эмес, качканда көп кырылат. Жүздөгөн кой чогулуп, бир карышкырча жок. Жүзү каралардын ичинен чечендер да чыгат. Келесоо жамгырдан сууга кирип жашынат. Келесоолорго Кудайдын да алы жетпейт. Коммерсанттын Мекени - анын чөнтөгү. Консерватор - эки саны соо, бирок, баса албаган адам. Коркок адам эр жүрөк адамга караганда чырга жакын. Кошомат жасай билген адам каралаганды да билет. Кошоматчылардан корккула, алар - чүмбөт тартынган уурулар. Көзү туруп көрө билбеген адам - даана сокур. Көп сүйүнгөн пенделер макоо болуп тынышат. Кулаалынын уясынан шумкарды күтпө. Кумарга берилген адам аярлыктан ажырайт. Кумар - эс-акылдын мастыгы. Куу кекиртек үйрөтпөгөн кесип жок. Кээ бир адамдар ойлонбой туруп иш жасайт, кээ бирөөлөр - ойлонот, бирок, ищти жасабайт. Кээ бир жандар убадасын аткарбагандан жа ыракат алат. Кээ бир кишилерди жакшылык кылгандыгы үчүн эмес, жамандык кылбагандыгы үчүн сыйлаш керек. Макоонун тили - макиден курч. Мактанар эчтемеси жоктор көргөн кордугун айтып мактанат. Мактоону ким сүйбөйм десе - ал аны дайыма уккусу келген адам. Намыянга түкөндүн баары - киреше эмес. Олдоксон колго розанын тикени өч. Эрки менен кул болгондон артык кордук жок. Өзүн башкара албаган адам - өңгөлөрдү башкара албайт. Өзүнө өтө ыраазы адам - өтө таарынчаак келет. Өтө сыйчылдык - кошоматчылыктын өтө купуя, өтө сыпайы түрү. Сага бирөөнү жамандаган, эртең сени жамандайт. Сенин мушуңа жооп бербеген адамдан сактан. Соргоктон өздөрүнө тиши менен көр казат. Сүйлөй албасаң - укканды үйрөн. Тез жыйнаган дүнүйө - тез жоголот. Түлкү терисин жамынган мактоодон корк. Убада - макоолор түшкөн тор. Унчукпагандык - келесоолордун кеменгерлиги. Үйдөн чыкпас конокко - карыз акча бере сал. Үйүндө - арстан, сыртта түлкү. Үйүндө зөөкүр адам көпчүлүк алдында кул кейпин кийет. Ширин сүйлөнгөн сөздө уу да болот. Эгерде келесоолор базарга барбаса, жараксыз товарларды ким алат эле? Эркекти - бычмалга айлантса болот, бирок, бычмалды - эркекке айланта албайсың. Эскирип айтар эчтемеси жок адам - башы кара, буту айры жан. Эч нерсе жасабагандык - жумуштун эң эле кыйыны. Анын да караңгы жагы болот. Адам баласы жарыкта - караңгыны, кубанычта - кайгыны, токчулукта - жокчулукту ойлонбойт. Бирок, караңгыда - жарыкты, кайгыда - кубанычты, жокчулукта - токчулукту дайыма ойлойт. Адамдын өмүрүнүн биринчи жарымын экинчи жарымын бүлдүргөндөй жашашат. Ажырашкан сүйүүлөр шамал тийген отко окшош: үлпүлдөгөнүн өчүрөт, өчө элегин - жалбырттатат. Акыл-эсти дарылабай туруп, ооруган дене-бойду айыктырыш кыйын. Аялдар кызганычты кечирет, бирок кызганычсыз сүйүүнү кечирбейт. Аялдыкы туура эмес болсо, биринчи иретте, андан кечирим сураш керек. Баарына жагам десең - бирине да жакпайсың. Бактылуу өмүр жок, бактылуу күндөр гана болот. Бакыт кайдан жараларын айтыш кыйын. Буга байлык да, кедейлик да себеп боло албайт. Бакытка маарыган адам - акылынан ажырайт. Бакыттын Кудайы - Фортуна эле сокур эмес, кээде ал бактылуу кылган адамдар да сокур. Баладай эч ким сыр катпайт. Бирөөнүн бактысы бирөөгө жугушу мүмкүн. Бирок, бакыттын эпидемиясы жок. Бирөөнүн бактысы бирөөгө ополтоодой сезилет. Дени соо адам - табияттын асыл баа чыгармасы. Дени соо кайырчы - оорулуу падышадан бактылуу. Дон Кихотко эч бир жери окшобогон адам - бактысыз. Жакшы күйөө балага жолуксаң - уулдуу болдуң, жаман күйөө балага жолуксаң - кызыңан ажырадың. Жарык үйдө - көөнүң да жарык. Жек көрүүнүн да чеги болуш керек. Жолоочу кембагал каракчынын атасынан да коркпойт. Жүрөккө бырыш түшпөйт, тырык түшөт. Кайгыңды шарапка чөктүрөм дебе, ал баары бир калкып чыгат. Канчалык кары болсоң да - бир жыл өмүр сүрө аласың, канчалык жаш болсоң да - ажалдан кача албайсың. Карылыкка каршы туруш керек. Кечириш оңой, бирок, унутуш кыйын. Кеч төрөлгөн балдар - эрте жетимдер. Көз көрбөгөндү жүрөк самабайт. Кумара менен ташты урсаң деле, таш менен кумараны урсаң деле - кумара сынат. Кызганчаактык - сүйгөндүк эмес, жамандык издегендик. Оору - миң, ден соолук - жалгыз. Өмүр - адамга берилген карыз. Өмүр бою бактылуу болом десең - чынчыл бол. Өмүрдү узартуунун башкы сыры - аны кыскартпаганга аракет жасоо. Өмүр - өтө кыска нерсе, кыйналып жашаганда гана убакыт өтпөгөндөй сезилет. Сүйүүнүн көз айнеги жезди алтын кылып көрсөтөт. Сүйүүсүз эрди-катын - закондошкон ойноштук. Сүйүү унчукпай келип, унчукпай кетет. Тамак ичиш үчүн жашабай, жашаш үчүн тамак ич. Тирүүлөр өлгөндөрдү үйрөтө албайт, бирок, өлгөндөр тирүүлөрдү үйрөтө алат. Түлкүдө амал көп, бирок, кирпинин бир амалы баарынан артык. Үмүт - кембагалдын наны. Үч нерсе кайра кайрылбайт: атылган ок, айтылган сөз, өткөн күндөр. Шамал шамды өчүрөт, бирок, өрт да чыгарат. Эски чөптү өрттөш оңой, өчүрүш кыйын. Аздын азанчысы болгуча, Көптүн казанчысы бол. Айдын жарыгында жүргөнчө, Күндүн көлөкөсүндө жүр. Айыл башы болгуча, Суу башы бол. Акылдуу отко карайт, Акмак казанга карайт. Акыркы төөнүн жүгү оор. Алган эри жарашса, Кара катын ак болот. Баккан ээси жарашса, Күйпүл күчүк сак болот. Алыстан арабалаганча, Жакындан дорболо. Арстандай күчүң болсо, Түлкүдөй куулукту үйрөн. Атан төө мас болсо, Тайлак менен дос болот. Ат башына күн түшсө, Ооздугу менен суу ичет. Эр башына күн түшсө, Өтүгү менен суу кечет. Ачтын - тогу, Арыктын - семизи бар. Бакылдаган текени Суу кечкенде көрөбүз. Такылдаган келинди Үй чечкенде көрөбүз. Башка түшсө - Байтал жорго болот. Бүткөн ишке - сынчы көп. Дөөлөт басса - ат басат, Мээнет басса - бит басат. Дыйкан өгүздөй күчүн берсе, Жер инектей сүтүн берет. Жакшы абысыныңа баргыча, Жаман сандыгыңды аңтар. Ичпей-жебей бакыл бол, Бай болбосоң - мага кел. Иши алга кеткендин - Ити чөп жейт. Иши керине кеткендин - Келини ууру кылат. Каман өлсө - тиши калат, Адам өлсө - иши калат. Келген жериңден Кеткен жериң аруу болсун. Келин жаман эмес, Келген жери жаман. Керегем, сага айтам, Келиним, сен ук. Уугум, сага айтам, Уулум, сен ук. Колуңда жок болсо, Атаң да жат. Көйнөкчөндү чапсаң, Чапанчанга доо кетет. Көмүрчүгө - темирчи үйүр. Көп сөз - көмүр, Аз сөз - алтын. Кулча иштеп, Бийче ич. Куурдактын акесин Төө сойгондо көрөсүң. Кызды бала дебегенди Мухаммед үмөтүм дебейт. Кыламыктан - бут сынат, Буламыктан - тиш сынат. Кыябын тапса - кар күйөт. Отуз уулуң болгончо, Осураак чалың болсун. Өлө жаман болбосоң - Өлө жарды болбойсуң. Таранчыны сойсо да, Касапчы сойсун. Таңкы суукка калсаң да, Кечки суукка калба. Энеден кийин - төркүн жок, Эрден кийин - урмат жок. Энесин көрүп, кызын ал, Эшигин көрүп, төрүнө өт. Эр азыгы - элден, Бөрү азыгы - жолдон. Абышка өлсө - ат бошойт, Кемпир өлсө - төр бошойт. Адам ашка тойсо да, Жашка тойбойт. Ажыдаардын куйругун баспай, Башын бас. Айгыры - ала болсо, Кулуну - кула болот. Айран ичкен - кутулат, Челегин жалаган - тутулат. Айран сураган - Аягын жашырбайт. Айт да болор, Айттын эртеси да болор. Айыгар дарттын дабасы - Өзү табылат. Алты катын азага барса, Ар кими өз муңун айтат. Артыкча дүңгүрөгөн - Акырында мүңгүрөйт. Атадан алтоо болсо да, Ар жалгыздык башта бар. Атаң өлсө - тайлак бар, Кому жерде калган жок. Ага өлсө - ини бар, Тону жерде калган жок. Атасы өлгөн - уктайт, Ач жаткан - уктабайт. Ат жашарып - кунан болбойт, Эр жашарып - улан болбойт. «Ат кечкен суу», - деп, Аюу ичет. «Кой кечкен суу», - деп, Бөрү ичет. Ат оонаган жерде - түк калат. Айран төгүлгөн жерде - жук калат. Атты көрсө - бут талыйт. Аш койгонго - аш кой, Таш койгонго - таш кой. Байдыкы - барман менен, Кедейдики - дарман менен. Байлык - не дедирбейт, Жоктук - не жедирбейт. Бай мактанса - табылар, Жок мактанса - чабылар. Баймын деп, мактанба, Жокмун деп, суктанба. Бейиштин ашын көрмөк бар, Жемек жок. Берген - март эмес, Алган - март. Берип, берен болгуча, Бербей - сараң бол. Бирге жүрмөк бар, Бирге өлмөк жок. Бирөө жете албай жүрсө, Бирөө кете албай жүрөт. Бирөөнүн жамандыгын тилегенче, Өзүңдүн амандыгыңды тиле. Бирөөнүн үйүн чечмек бар, Тикмек жок. Биттүү конок - жатпайт, Иттүү конок - батпайт. Болор кулун - желеде жулкунат, Болор бала - бешикте жулкунат. Бөдөнөнүн жатагын көр да, Этине таарын. Бөрү арыгын билгизбей, Итке жүнүн үрпөйтөт. Дат - темирди жейт, Дарт - өмүрдү жейт. Дубана таарынса - Куржунуна зыян. Жакшы кыздын башына - Бермет менен шуру ойнойт. Жаман кыздын башына - Какач менен кир ойнойт. Жорго минген - Жолдошунан ажырайт. Көп жашаган - Курдашынан ажырайт. Жылкы кишенешкенче, Адам - сүйлөшкөнчө. Ит күлүгүн - түлкү сүйбөйт, Ичи ооруган - күлкү сүйбөйт. Иттин - ээси болсо, Карышкырдын - Кудайы бар. Ичип, арактын көөнүн алган - Кусуп, Кудайдын көөнүн алат. Казанга түшкөн - капка түшпөйт. Кара далы - эр тандабайт, Жыгылар адам - жер тандабайт. Кара жерге кар жааса, Карды көргөн - бир мурат. Кара жерден кар кетсе, Жерди көргөн - бир мурат. Кел демек - бар, Кет демек - жок. Келгенче - конок уялат, Келгенден кийин - үй ээси уялат. Көчкөндөн отун артат, Өлгөндөн катын артат. Киши аты - терчил, Киши кийими - кирчил. Кушту жырткыч кылган - тырмагы, Киши сүрдүү кылган - мансабы. Кызыктан кызык - кызды көр, Өзгө эрибей, жатка эрийт. Кызыктан кызык - тузду көр, Майга эрибей, сууга эрийт. Кырк жылы кыргын болсо, Бейажал чымын өлбөйт. Мансапка мас болгон - «Көлгө көпүрө салам», - дейт. Меймандын тогу - жакшы. Миң кишинин атын билгенче - Бир кишинин сырын бил. Мурунку конок Кийинки конокту сүйбөйт. Оозунда келмеси бардын - Башында селдеси бар. Оорулуу өлбөйт, Ажалдуу өлөт. Өлөт деген - өлгөн жок, Өгүз минген - калган жок. Чалдын көркү - сакал, Сөздүн көркү - макал. Эрди - карыганда, Атты - арыганда көр. Эт көрбөгөн - чоң сугунат, Ун көрбөгөн - бор сугунат, Туз көрбөгөн - шор сугунат. Ажырашар дос Ээрдин арткы кашын сурайт. Айткан сөз - алышкан кол. Айтпа, Айткандан соң кайтпа. Айыл ити ала болсо да, Бөрү көрсө чогулат. Акмак достон - Акылдуу душман артык. Ак сооттун жакасы бар, Жеңи жок. Азаматтын ачуусу бар, Кеги жок. Алдыңа келсе - Атаңдын кунун кеч. Аңдышкан - айыл конбойт, Эсептешкен - дос болбойт. Аргымак аттын жакшысы - Азыраак оттоп, көп жуушайт. Азамат эрдин жакшысы - Азыраак сүйлөп, көп тыңшайт. Аргымак аттын куйругу - Бирде жибек, бирде кыл. Эр жигиттин белгиси - Сыртта - мырза, үйдө - кул. Атанын уулу, Аргымактын кулуну. Аттан айрылсаң - айрыл, Ээр токумдан айрылба. Ат - эриндүү болот, Эр - мурундуу болот. Аш жебесем таш жейин, Этегиң жапчы, кудагый. Басмайылдын кадырын Ээси билбей, ат билет. Эр жигиттин кадырын Агайын билбей, жат билет. Бөрү атар уулду бөркүнөн тааны. Дос - башка, Душман - бутка карайт. Досуң берген малдын тишин ачпа. Досуң миң болсо да - аз, Душманың бирөө болсо да - көп. Жакшы деген - бир ат, Кууса жеткис. Жаман деген - бир ат, Жууса кеткис. Жакшы тилек - жарым ырыс. Жарды болсоң - ардуу бол. Жаш чыбыктын ийилгени - Сынганы. Жаш жигиттин уялганы - Өлгөнү. Жигиттин сөзү өлгөнчө - Өзү өлсүн. Жигиттин түсүн айтпай, Ишин айт. Жылкычынын бир көргөнүн - Хан көрбөйт. Бир көргөнүн - Ит көрбөйт. Ийигленге - ийилгин, Атаңдан калган кул эмес. Какайганга - какайгын, Падышанын уулу эмес. Ийне - көзүнөн, Уй - мүйүзүнөн, Адам - сөзүнөн сынат. Калыңсыз кыз болсо да, Каадасыз кыз болбойт. Каниет - карын тойгузат. Катуу сөз - камчы, Жылуу сөз - укурук. Кийиз сатсаң - айылыңа сат, Бир чекесин салына жат. Куда болгуча - Кулундуу бээңди сураш. Куда болгондон кийин Кул да болсо сыйлаш. Өз агасын агалай албаган - Жат агасын сагалайт. Өзөктөн чыккан өрт жаман, Өздөн чыккан жат жаман. Сулуунун көркү - көзүндө, Жигиттин көркү - сөзүндө. Сунулган моюнду Суурулган кылыч кеспейт. Тууган - күйдүрүп айтат, Душман - сүйдүрүп айтат. Уул - уйгак, кыз - кыроо. Үйүрүн сагынбас - ат болбойт, Элин сагынбас - эр болбойт. Чөбү жок деп - жерден түңүлбө, Малы жок деп - эрден түңүлбө. Эки жакшы жайлоого чыкса - Кудалашып түшөт. Эки жаман жайлоого чыкса - Кубалашып түшөт. Агайындын азары болсо да, Безери болбойт. Агайын таттуу болсо - Ат көп. Абысын таттуу болсо - Аш көп. Адам курсагынан эмес, Кулагынан арыктайт. Адашкандын айыбы жок - Айланып үйрүн тапкан соң. Айга жетпес ашыңды - Айылдаштан аяба. Алыс жерге куда болсоң - Артынчактап аш келер. Жакын жерге куда болсоң - Түрдүү ушак сөз келер. Алыстагы туугандан - Жакынкы коңшу артык. Барса - базар, келсе - кербен. Баш айрылса - бөрк ичинде, Кол сынса - жең ичинде. Бир күнү уруш болгон үйдөн Кырк күнү береке кетет. Битке өчөшүп, көйнөгүңдү отко салба. Дарак мөмөлөгөн сайын ийилет. Жакшы кыз - эрден чыкпайт, Эрден чыкса - элден чыкпайт. Жакшы сөздү айбан да түшүнөт. Жакшы таз - башын жашырбайт, Жакшы аял - ашын жашырбайт. Жалгыз кыз - жалама туз, Эки кыз - эрмек кыз, Үч кыз - ата-энеге күч кыз. Жалгыз таруу ботко болбойт. Жашы улуу - жаны курбу. Жол кууган - казынага жолугат, Сөз кууган - балаага жолугат. Жылуу сөз - Жыланды ийинден чыгарат. Кеңешип кескен бармак оорубайт. Конок «бышты» десе, Ала бакандагы эт да бышат. Коноктун алдына - аш кой, Эки колун бош кой. Коңшуң сокур болсо - көзүң кыс. Көйнөк кири - жууса кетет, Көңүл кири - айтса кетет. Көп бергенден - тез берген. Күндө келген - күл ууртайт, Айда келген - май ууртайт. Кылыч жарасы бүтөт, Сөз жарасы бүтпөйт. Макал атасы - сөз, Мата атасы - бөз. Меймандын өзүн бакпай, Атын бак. Мейманыңдын көзүнчө Мышыгыңды «мыш! Оорунун алын сурасаң - Айыкканга тете. Отуз тиштен чыккан сөз - Отуз уруу элге тарайт. Оң колуңдун ачуусун - Сол колуң менен бас. Өгүз өлдү - орток айрылды. Өзүңө өзүң бек болгун, Коңшүңду ууру тутпагын. Өлө жегенче - бөлө же. Өткөн өмүр, Калган көңүл табылбайт. Өткөн өчү бардын - кетпес кеги бар. Сөөк - кайрылат, дос - айрылат. Сөз сөөктөн өтүп, чучукка жетет. Сөз тапканга - колко жок. Таш, ташты эриткен - аш. Тилден бал да, уу да тамат. Үйүңө келгенге - Үйдөй таарынычыңды айтпа. Чакырганда - барбаган, Ымдаганга зар болор. Эжелүү кызга - эчки тон. Эки тоо көрүшпөйт, Эки адам көрүшөт. Эрте турган жигиттин - Ырысы артык. Эрте турган аялдын - Бир иши артык. Ээсин сыйласаң - Итине сөөк сал. Адам аласы - ичинде, Мал аласы - тышында. Адеби жок жигит - Жүгөнү жок атка окшош. Адеби жок аял - Кабанаак итке окшош. «Айдайкелден» алтоо өлдү, «Көрөкелден» көп өлдү. Акмак - иттен илгери, Кишиден кийин. Ала койду бөлө кырккан - Жүнгө жарыбайт. Аларманга алтоо - аз, Берерманга - бешөө көп. Алган - алтоо болбойт, Жеген - жетөө болбойт. Алжаке кызга - жалжаке күйөө. Асырнды баланы Айылчы катын чыгарат. Ат сураган - кордук эмес, Ээр токум сураган - кордук. Ашыккан - азат, Тойбогон - тозот. Бай болбогон - бай болсо, Корубаган жер калбайт. Байлык колдун кириндей, Жукса - турат, жууса - кетет. Бай менен байбиче - урушта болсо, Кул менен күң - куймакта. Балтыр бит башка чыгат. Бербестин ашы - бышпас. Бергенин алган - жамандын иши, Ичкенин кускан - чабалдын иши. Берээрге бешимде - кымыз, Бербеске шашкеде - саамал. Бир теңге берип, айттыра албаганды - Миң теңге берип, койдура албайсың. Бозокордун үйү - Кыйкырык менен өкүрүк. Өтүкчүнүн үйү - Апырык менен сапырык. Насвайчынын үйү - Түкүрүк менен какырык. Булуттан чыккан күн - ачуу, Жамандан чыккан сөз - ачуу. Бутунан мүдүрүлгөн - турат, Тилинен мүдүрүлгөн - турбайт. Бышылуу тамактын - күйүтү жаман. Жакшы атка - бир камчы, Жаман атка - миң камчы. Жакшы катынга жаман катын - «Айлашмын», - деп теңелет. Жакшыны - сөз өлтүрөт, Жаманды - таяк өлтүрөт. Жакшы - таап сүйлөйт, Жаман - каап сүйлөйт. Жакшы тамак калгыча - Жаман курсак айрылсын. Жаманга - сый жарашпайт. Жалкоонун - жаны, Байдын малы - ардактуу. Жоктун - бир арманы бар, Байдын - миң арманы бар. Жол айры болсо - Иттин башы каңгы болот. Жорго - жүрүшүнөн пул болот, Жаман - жүрүшүнөн кул болот. Ириген ооздон - Чириген сөз чыгат. Ит менен куда болсоң - Жегени менен той болосуң. Кайда болсоң - айда бол, Аш ичерде пайда бол. Кайрылып ичер ашыңа Какырба да, түкүрбө. Калпты - чындай, Аксакты - тыңдай кылат. Карыдан ыйман кетсе, Жаштан уят кетет. Көп суур ийин казбайт, Ийин казса да - кең казбайт. Көч маанисин билбеген - Көчкөндө өгүз өлтүрөт. Сөз маанисин билбеген - Сөздү өзүнө келтирет. Кулактан кирген суук сөз - Жүрөккө барып муз болор. Күрүчтүн аркасы менен Күрмөк суу ичет. Мал арыгын сактасаң - Ооз майлайт. Киши арыгын сактасаң - Төбө кандайт. Олуя да - жакынын колдойт. Оозу менен орок оруп, Буту менен машак терет. Отко келген катындын Отуз ооз сөзү бар. Отун албаганга - От жактырба. Сабаасына жараша - Бишкеги. Сакалына жараша - Искеги. Сойгонуң - улак, теке, Тартканың - кулак, чеке. Сокур атка - котур ат үйүр. Сөз билбеген - Муштуму менен коркутат. Темене берип, төө алат. Өз үйүм деп сөз айтпа, Үй артында киши бар. Уурунун бир бети - кара, Ушакчынын - эки бети кара. Үйүндө ыракаты жоктун - Талаада кош баракаты бар. Чакырылбаган конок Шыпырылбаган жерге отурат. Эки арамза - дос болбойт. Эрдик кылып кой союп, Иттик кылып төш тартты. Эски мечитке - күкүк азанчы, Эси кеткен кишиге - эшек азанчы. Эшегине жараша - тушагы. ЖАЗУУЧУЛУК СЫР Бернард Шоудон бир аял сураптыр: кантип жазганда атактуу жазуучу боло алам? КАЙДАН ЧЫГАТ АНЧА СӨЗ? Анатоль Франс ойлорун кагазга тез түшүрүш үчүн стенографист аял чакырат. Катыгүн, анча сөздү мен кайдан табам? БИР КҮН ЖАНА БИР ЖЫЛ XIX кылымда жашаган белгилүү немис сүрөтчүсү Менцелге бир жаш жигит картинасын көтөрүп келип, наалыйт: - Ушу да акыйкаттыкпы? Бир эле күндө бүтүргөн картинамды бир жылдан бери сата албайм. ӨКҮНҮЧТӨН КАЧЫП КӨР Сократтан бир жигит кеңеш сураптыр: - Акылман Сократ, кандай дейсиз, үйлөнсөмбү, же үйлөнбөй эле койсомбу? ЧЫН - ЧЫЧАЛАК Марк Твендин бир таанышы жаңы чыккан китебин алып келип, пикирин жашырбай айтуусун өтүнөт. Президенттик шайлоонун жүрүшүндө Республикалык партиядан кандидат Теодор Рузвельт бир шаарга барып алып, жалындуу сөз сүйлөйт. Эл ичинен бирөө адеп эле тигинин сөзүн бөлүп, «Мен демократмын! » деп кыйкыра берет. Демек, мен да демократмын! Мен албетте, республикалык партиянын өкүлү болмокмун! ЗАКАЗ Тристан Бернард бир жолу ресторанда отурса, оркестр мааниси жок бирдемелерди ойной баштайт. Жини келген Бернард официантты чакырып: - Бул оркестриңер менин заказымды аткара алабы? АЯЛДАРДЫН ЖАЗАСЫ Француз комедиографы Ашардан достору сурашат: - Аялды кантип катуу жазаласа болот? ТЕНТЕК ТЕЛЕГРАММА Нью-Йоркто коюлган пьесасынын премьерасынан соң Бернард Шоу башкы ролду ойногон актрисага төмөндөгүдөй телеграмма жөнөтөт: «Эмне деген ажайып?! » Толкунданган актриса жооп кайтарыптыр: «Ашкере мактап койдуңуз». Бернард Шоу кайрадан телеграмма жиберет: «Мен пьесаны айтып жатам». Анда, актрисанын жооп телеграммасы: «Мен дагы». ЖОКТОН - БАР БОЛОТ Витторио Де Сика айтчу экен: аялдар жок нерседен салат жасап, жок нерседен шляпа токуп, жок нерседен... ЧЕРЧИЛЛДИН ЧЕЧИМИ Англиялык бир департаменттин директору каза болгондо, анын кызмат ордун ээлөөнү каалаган бирөө Уинстон Черчиллге кайрылыптыр: - Өлгөн адамдын ордуна мени коюуңузду суранам. ТУКУМ КУУЧУЛУК Марк Твенге бир тааныш келин арызданыптыр: - Түшүнсөм өлөйүн: күйөөм кээде - эркектей, кээде - катындай. АТАНЫН УУЛУ Бернард Шоуго бир бейтааныш жигит кайрылыптыр: - Атактуу юморист жазуучунун дал өзү турбайсызбы! Сиздин атаңыздын тикмечи болгону чынбы? Тукум куубаган учурлар деле болот тура. Мына, сиздин атаңыз сыпайы мырза болушу керек. ЭҢ БИР ШУМДУК ЭРИТКИЧ Эдисон кызматка аларда ойлоп табуучуларды жеке өзү сынап көрчү экен. Бир жолу ага бир жигит келип, пикирин бөлүшөт: - Менде бир керемет идея бар. Универсал эриткичти жаратсам дейм. Ал эритпеген ааламда эч нерсе болбойт. КЫЯЛ - Сиз канча акча тапсам деп кыялданасыз? АТАКТАН АКЧА КЫМБАТ БОЛГОНДО Италиянын улуу композитору Россини отузга чыкканда Милан шаарынын шаардык кеңеши ага эстелик тургузууну чечет. ГУНОНУН САБАКТАРЫ Улуу композитор Шарль Гуно көкүрөгүн урган бир жаш музыкантка акыл айтыптыр дешет: - Өнөрдүн өрүн улам өрдөгөн сайын эски мастерлерди баалай баштайсың. Мен сендей кезимде «Мен элемин! Жыйырма төрткө чыкканда: «Мен жана Моцарт» деп калдым. Кыркка келгенде: «Моцарт жана мен» дей баштадым. А азыр болсо: «Моцарт» дегенден башканы айтпайм. Атактуу юморист Стивен Лекок жаш кезинде кичинекей бир колледжге мугалим болуп иштечү экен. Аз гана айлык алып жүрүптүр. Буга нааразы болгон куудул жигит дирекцияга төмөндөгүдөй арыз жазат: «Төрөлөр! Эгерде менин айлыгымды тезинен көтөрбөсөңөр... » Ушул жерден арыз үзүлөт, бирок, аягы кагаздын тышында уланыптыр: «... КЕҢЕШ Белгилүү драматург Саша Гитри жаш кезинде Париждин бир театрынын директоруна пьесасын сунуш кылат. КИШЕН «Эрди-катынга салынган кишен тууралуу оюңуз кандай? » - деп Дюма-атадан сурашат. УНУТЧААКТЫК Лессинг аябай унутчаак адам экен. Бир жолу кечкурун үйүнө келип эшигин тыкылдатыптыр. КҮЙӨӨДӨН КЫМБАТ АТЫР БАР Атактуу кино актриса Грета Гарбонун адресине келген жайнаган каттардын ичинде мындай суроо да бар экен: - «Күйөөм мен куюнган атырды жаман көрөт. Атырды алмаштырганым - туура болобу? » Актриса жооп бериптир: «Атырды эмес, күйөөңдү»... АВТОРДУН АТЫ ЖАНАН ЗАТЫ Марк Твен тоголок кат алат. Баракта бир гана «Чочко» деген сөз жазылыптыр. Эртеси Марк Твен газетага макала жарыялап, анда минтиптир: «Мен аягына аты-жөнү жазбаган каттарды көп алам. Кечээ болсо - мага биринчи жолу өтүнүч-суроосу жок эле актай, бирок, автордунун аты-жөнү жазылган кат келди» КИМИСИ АКЫЛДУУ Конан Дойль спиритизм дубакейлик менен көп машыкчу экен. Бир жолу ал Бернард Шоуго колу-бутун тийгизбей эле тамак ичкен столун нарыга жылдырарын айтат. «МОЙНУМДА КЫТЫГЫМ БАР ЭЛЕ... » Бир күнү шаар башчысы Апендинин ачуу тилинен айып таап, дарга асмак болот. Салаңдап турган сыйыртмак жиптин алдындагы Апендиге өкүм ээси: «акыркы өтүнүчүңдү айтып кал», - деп кайрылат. АНДАН АРЫ КЕТЧҮ ЖОЛ Мадырабаш балдар Апендинин шакаба чегишип, кепичин ала качмак болушат. Муну туйган Апенди кай жерге барса да, кепичин колуна кармай отурат. «Бактын башындагы уядан таранчынын жумурткасын алып бер дейли. Кепичин чечпей чыга алмак беле, ошондо ала качабыз», - деп кеңешет балдар. Анан, кепичин бир колуна кармап алып, бак башына чыга баштайт. Балдар жабыла кыйкырышат: - Апенди аке, кепичиңизди калтырып кетиңиз да! «БУТТАП ЖИБЕР» Апенди бирөөнүн короосунан шагы ийилген алмаларды көрөт да, бийик дубалынан артылып араң түшөт. Мөмөлөрдү койнуна солоп жатканда, үй ээси көрүп калып, кубалайт. Апенди безип качып келатып, дубалга жакындаганда тигиге кыйкырат имиш: - Буттап жибер, бай болгур! АЖЫДААР Эмир Темир Апендиден сураптыр: - Бу сенин жылың кайсы? КУДУКТАГЫ АЙ Апенди бир күнү кудуктун суусун эңкейип караса, түбүндө жылтырап Ай жатат. «Чыгарбасам болбос», - деп чаканы түшүрөт. Анан, тырмышып тарта баштайт. Кептелип калган чаканын жиби үзүлүп, Апенди чалкасынан кетет. Бир оокумдан кийин эсин жыйып, көзүн ачса, асманда Ай турат. «Жарыктыкты эптеп чыгарган экенмин, ээ», - деп кубаныптыр, боорукер Апенди. САКАЛЧАН ЖЫГАЧ Апенди жолдо кетип баратып, кийим щётка таап алат. Ары-бери кармалап туруп: - Капырай, жыгачка да сакал чыгат экен, ээ! ЖАЗА Апенди шашкалактап жүрүп кетмендин мизин басып алат. Сабы чабылып келип, чекесине бир тийет. Жаны ачынган Апенди кетменге кыйкырыптыр дейт: - Ушундайыңан көчүгүңө жыгач тыгып койгон турбайбы! Апендиден: - Эмне үчүн көлдүн суусу туздуу? ҮЙ КӨЧҮРГӨН УУРУЛАР Түн ичинде Апендинин үйүнө ууру кириптир. Алар колуна тийген көр-жерди алып качып баратышса, Апенди да жууркан-төшөгүн көтөрүп, артынан жөнөп калбайбы. Анда Апенди: - Көчүп баратпайбызбы? АПЕНДИ АМАН КАЛГАНДА Апенди түн ичинде ойгонуп, терезени караса, сыртта бирөө турат. Мылтыгын октоп, атып жиберет да, «өлтүрдүм го» - деп, төшөгүнө жатып алат. Таң эртең туруп караса, баканда илинген өзүнүн чапаны. Кемпирин чакырып алып, ыйламсырап айтат имиш: - Байкуш байбичем, багың бар экен. Ок дал жүрөктүн тушуна тийиптир. КАЗ-ӨРДӨКТҮН СОРПОСУ Апенди көл үстүндө сүзүп жүргөн каз-өрдөктөрдү кармайын деп акырын жылып барат. Аңгыча алар «карк-карк» деп, учуп кетишет. Апенди куржунунан нанын алып чыгып, сууга малып жей баштайт. АГАСЫ МЕНЕН ИНИСИ - Сен улуусуңбу, же агаң улуубу? КУРСАГЫ АЧКАН УКТАБАЙТ Апенди жол жүрүп келатып, бир таанышыныкына түнөп калат. «Чарчаган немеге уйку артык чыгар», - деп, түз эле төшөк салып, жаткырып коюшат. Курсагы аябай ачкан Апенди түндүн бир маалында туруп, үй ээсин ойготот: - Жаздыгым жапыс болуп уктай албай жатам. Бир-эки токочуңар болсо - берсеңер, башыма жаздап алайын... ЖОГОЛГОН МЕНЕН ТАБЫЛГАН Апенди базарлап жүрүп, эшегин жоготуп жиберет. Анан, элге жар салат: - Кимде-ким эшегимди таап берсе - ээр токуму, нокто-жүгөнү менен ошо кишиге берем. «ТАМДАН ӨЗҮҢ КУЛАП КӨР» Бир жолу Апенди там үстүнөн кулап кетет. Көчөдөн өтүп бараткан бирөө: - Ой, Апенди, жерде эмне жатасың? Бир күнү Апенди атын тетири минип келиптир. ДАЛДАЛ Апенди жалгыз уюн сатмакчы болуп базарга барыптыр. Анан, элге минтип жар салыптыр: - Ээй, калайык! Кашык сүтү жок, кесим эти жок уйду ким алат! Артына келсе - тебенээк, алдына келсе - сүзөнөөк уйду ким алат? Муну уккан эл айланып өтүп, эч кардар чыкпай коёт. Далдал болсо, уйду жерге-сууга тийгизбей мактап кирет: - Айланайын эл-журт! Сүтү - булактай, жүнү - сымаптай, тогуз айлык бооз, токмоктосоң да - жоош, базарды түрө издетер, баасы - ит бекер уйду ким алат?! Далдалдын бал тилине балкыган Апенди: - Ушундай уйду бирөөгө сатып жинди болуптурмунбу?! Бир дыйкан адам хандын сепилинин жанына келгенде минген эшеги айкырып коё берет. Сепил үстүндө жүргөн хан буга жини келип, дыйканды сабатат. Бөөдө ыза көрүп келаткан ал адамды Апенди минтип жубатыптыр: - Эшектердин жоругуна таарынба, эшек эшекти көргөндө ошентип айкыра берет. Апендинин аялы байкоостон ысык кесмени ууртап алып, көзүнөн жашын азыгып жиберет. Күйөөсүнүн алдында актаныш үчүн: - Ыраматылык апам эсиме түшүп, жашып кетпедимби? Апенди да ысык кесмеден байкабай чоң ууртап алат. Ал да көзүнө жаш тегеретет. САБАТТУУ СЕЛДЕ Башына селде чалынып алып, көчөдө кетип баратса, Апендини бир адам токтотот. Башыңда - калдайган селде, анан кат тааныбайм дейт! Апенди селдесин ала коюп, тиги адамдын башына кийгизе салат да: - Кептин баары селдеде болсо, кана, катыңды эми өзүң окуй салчы?! АПЕНДИ МЕНЕН ПАДЫША Эл арасына «Апендинин айтканы - айткандай келет экен. Ар кимдин өлөр күнүн алдын ала билет экен», - деген аңыз кеп тарайт. Буга тырчыган падыша Апендини кашына алдырат да: - Олуя болсоң, өзүңдүн качан өлөрүңдү айтчы? Тараза жылдыздын төлгөсү боюнча, сизден эки күн мурун өлөт экенмин. Апендини өлүмгө буйруса, эки күндөн кийин өзү өлөрүнөн корккон падыша аны көзүнүн карегиндей сактап, чаң тийгизбей бапестеп калыптыр. ЭҢ БАШКЫСЫ Бирөө Апендиден сураптыр: - Жаназа окулуп жатканда табыттын кай тарабында турган сооп - оң жагындабы, же сол жагындабы? ЭМИР ТЕМИРДИН КАДЫР-БАРКЫ Эмир Темир Апендиден сурайт: - Жашырбай айт, менин кадыр-баркымдын баасы канча? ЖЕ ТЕМИР, ЖЕ ЭШЕК... «Молдо кылып бересиң», - деп Эмир Темир Апендиге бир эшек тапшырыптыр. Акысына деген миң дилдени сунуп жатып, падыша аны аябай зекийт: - Эгерде, өзүң айткан он жылдын ичинде молдолукту үйрөтө албасаң, башыңды алам! Бул кабарды уккан Апендинин аялы күйөөсүн жемелейт. Он жылдын ичинде же Темир өлөт, же эшек өлөт. Бир жолу Апенди жолдон күзгү таап алат. Караса - сакалчан бирөө. Уяла түшкөн Апенди: - Апенди, сеники беле?! ЖОГОТКОНДУН ЖАЗАСЫ Апендинин эшеги оттоп жүрүп, ээрдин үстүнө арта салынган чапанын бир жерге түшүрүп салат. Жоголгон буюмуна ичи ачышкан Апенди эшегинин ээрин шыпырып алып, кыйкырат дейт: - Чапанды таппасаң, мен да сенин ээриңди бербеймин! ЧАЧТАН КИЧҮҮ САКАЛ Апендиден бирөө сураптыр: - Бу сенин сакалың эмне үчүн кара, чачың эмне үчүн ак? УУРУНУН КЕЛЕР ЖЕРИ Бир жолу Апендинин чапанын ууру ала качат. Анын артынан кууп отурбай, түз эле көрүстөнгө келет. КЕРЭЭЗ Апенди катуу ооруп калып, бала-чакасына керээзин айтыптыр: - Мени эски кепинге ороп, эски көргө койгула. ЖАГЫМДУУ ТҮШ Апенди бир күнү түш көрсө, коңшу аялдар чогулуп, өзүнө бир сулуу келинчек алып берип жатышат. Чочуп ойгонот да, аялын капталга түрткүлөйт: - Тур, катын! УБАДАГА БЕКЕМДИК Бир жолу падыша Апендиге ачууланып, «жүзүңдү мага көрсөтпө! » - деп, сарайынан кууп чыгат. Күндөрдүн биринде эл көчө-көчөнү шыпырып, дүрбөлөңгө түшүп калат. Аңгыча, алчыланта аргымак ат мингендер көрүндү. Эл бүгүлүп, таазим этип жатышат. Апенди болсо, тетири карап калат. Өтүп бараткан падыша увазирлерине жаңсады: - Мага көчүгүн салган тетиги кайсы урган?! » - деп өзүңүз айткансыз. Өтүнүчүңүздү эки кылбайын деп... ЭКИ ЭШЕКТИН ЖҮГҮ Падыша, увазири жана Апенди болуп ууга чыгышат. Ысыганынан падыша чапанын чечип, көтөрүп жүрсүн деп Апендиге берет. Аздан соң увазири да ошентет. Муну көргөн падыша ага шылдыңдаган кеп узатат: - Апенди, бу сенин көтөргөнүң бир эшектин жүгү болду го? Эми эки эшектин жүгү болду. АРТЫНАН МЫШЫКТЫ ЖУТ Апендинин бир обу жок таанышы ага минтип кайрылып калат: - Кеңешиң айтпасаң болбой калды. Көзүм илинип кетсе - оозума чычкан кирип кетиптир. КАРАҢГЫНЫН КӨЗҮ ЖОК Апендинин үлпүлдөгөн чырагын шамал өчүрүп салат. Шамды жандыр, - дейт аялы. БАЛТАНЫН КЫНЫ Апенди жолдон өтүп баратса, тапан балдар сыңар өтүктү көрсөтүп: - Бул эмне, Апенди аке! Бул - балтанын кыны, - дептир ал, жубарымбек балдарга. БООЗ КАЗАН Апенди бир байдын казанын сурайт. Бай ыңгыранып отуруп, араң берет. Аз күндөн кийин байдын казанына дагы бир кичине казан кошуп алпарат. Казаныңыз эрте бооз экен, тууп койбодубу. Күндөрдүн биринде байдын баягы казанын Апенди дагы сурайт. Ач көз неме бу жолу эпилдеп-жепилдеп бере салат. Казанын ойлоп, байдын тынчы кетет. Акыры чыдай албай өзү барат. Апенди байды көрө сала кучактап жыгылып, улуп-уңшүп ыйлай баштайт. Казан да өлчү беле? АКЫРЕТ Апендинин эшеги өлүп, башын жерге салып отурса, коңшусу келет: - Кой, көп кайгырба, - деп сооротот ал. Акыретке эшек тургай, биз да барабыз. КАЧАНААК УЙКУ Апенди түн ортосунда көчөдө ары-бери басып жүрсө, кароолчу адам андан сураптыр: - Караңгы түндө эмне кылып жүрөсүз? ӨЗҮНӨН КӨРСҮН Апенди бак ичинен отун кыркып жүрсө, бир кабанаак ит качырып сала берет. Коркуп кетип балтасын шилтеп ийсе, аттин башына дал тийип, ит өүп калат. Нарытан чуркап келген ээси Апендиге доо коёт: - Балтанын мизи менен таппай, сабы менен урсаң, бирдеме болот белең?! Эгерде, ал мени тиши менен эмес, куйругу менен капса, мен деле балтанын сабы менен урат элем... АЛЖЫГАН АШЫК Бир алжыган бай Апендинин кызына тийишиптир: - Жан эркем, сага деген ашыктыктын айынан тирүүлөй өлмөй болдум. Сен отко кир десең - отко, сууга кир десең - сууга кирем... САРАҢ БАЙ Бир сараң бай өзүнүн атын аяп, Апендинин эшегин сурап келет. Аңгыча, эшеги айкырып коё берет. Эмне мынча жалган айтасың?! АЛАКАН ЧАПМАЙ ОЮНУ Апенди теңтуштары менен бир үйдө палоо жеп отурса, шамал шамды өчүрүп салат. Отургандардын бирөө минтет: - Чырак жанганча палоого кол салмай жок. Ар ким алаканын чаап турсун. Анан, багалегин түрө салып, бир колу менен жылаңач этин чапкылап, бир колу менен палоодон сугуна берет. Бир күнү Апендинин уулу «наным кудукка түшүп кетти», - деп ыйлап келет. Апенди уулун сооротмокчу болуп, кудукка эңкейсе, сакалчан бирөө карап турат. ЭС АЛСЫН ДЕП ЭШЕКТИ... Эки көзү толо куржунун эшегине артып алып, жол жүрүп баратса, Апендиге бирөө кыйкырат: - Эшектин убалынан коркпогон кандай таш боор жан элең?! Очоюп минип алып, оор куржунду жонуна артып... Тиги кишинин сөзүн туура көргөн Апенди куржунду өз ийнине арта салып, эшегин минген бойдон жолун улаптыр... МЕН ЫЙЛАБАЙ, КИМ ЫЙЛАЙТ? Бир эле айдын ичинде Апендинин аялы, анан эшеги өлөт. Аялы өлгөндө анча ыйлабай, бирок, эшеги өлгөндө шолоктой бериптир. Сооротмокчу болгон коңшусу: - Апенди аке, аялыңыз өлгөндө мынчалык ыйлабай, эшегиңиздин өлүмүнө катуу кейидиңиз го? «Көп кайгырбаңыз, катын алып беребиз», - дедиңер. Ал эми, азыр «эшек алып беребиз», - деген бир жан жок. Анан, кантип ыйлабайм, - деп жооп бериптир ал. БИР СӨЗДҮҮЛҮК Бирөөлөр Апендинин жашын сурашат. Агрикола Иоганн 1494-1566 - немис фольклор жыйноочусу Аркесилай 315-241 б. I - латин грамматиги Публилий Сир б.

Last updated